Сагындым сагынам караныңа кагылам
Ак жүзүңдөгү ажарыңа багынам
Гүл алып колуңан кыялымда жолугам
Түйшүк тартып түн уйкумдун жогунан
Жалындап күйдүм сени кызганып сүйдүм
Жаным алмашкыс болуп сени сүйөмүн
Уйкуман качам сенсиз сан ойго батам
Өзүмдөн өзүм сыздап азапка батам
Жыргалым сен менен сүйлөшөмүн күз менен
Жан адамга билгизбеген сыр менен
Шыбырам айтамын сүйөм сени жанып деп
Миң кайталап жүрөгүмдөн сүйдүм деп