Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда
Бийге тартам сени
А сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
Арманым ичке батпай
Айласыз изденип бирок таппай
Түндөр узарып таңдар атпай
Убакыт барат жай
Ойлосом, ишенбеймин
Өңүм эмес түш болсочу деймин
Өзүңсүз кантеримди билбеймин
Сагынып сага карай жол издеймин